super.kg logo

Жумушка орноштурам деп пара талап кылган Баткендеги ЖАМКнын эки кызматкери кармалды

 

Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери опузалап пара алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Анда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу үчүн андан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "опузалап пара алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"ИИМдин кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган. Мындан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин жетекчилигинин орун басары Т.А. кармалды. Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






Баткенде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери пара алган деп шектелүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: