Ош шаарында 66 батирлүү турак жай курулат
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору Жусупжан Жээнбековдун айтымында, Кытай тараптан бериле турган 5 миллион доллар гранттын эсебинен Ош шаарында 66 батирлүү турак жай курулат. Турак жайдын ар бир чарчы метри болжол менен 926 долларга бааланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Грант каражатын макулдашуу ратификациясы бүгүн Бюджет жана каржы комитетинен колдоо таап, мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

