super.kg logo

Бишкекте аялын мас абалында келип сабап, бычак менен коркуткан. Шектүү кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү болжол менен саат 01:38 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Логвиненко көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 1992-жылы туулган М.К. аттуу айым арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү арыз ээсинин мурдагы жолдошу мас абалында келип, күч колдонуп уруп, бычак менен коркуткан. Ага карата чара көрүүнү кайгуул кызматынан өтүнгөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1988-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордук-зомбулукту начар билимдүү, балалыкта озу зомбулукка кабылган, озунун энесине карата зордук-зомбулуктун күбөсү болгон, теңсиздикке негизделген гендердик нормаларды жактаган, өзүн аялдардан жогору сезген эркектер тарабынан байкалат. Эгер бийлик зордук-зомбулукту үгүттөп жатса, анда кийинки сөздү зордукчулар өздөрү колго алышат.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: