super.kg logo

TikTok суицид тууралуу видеолорду өчүрүүдө

 

ТикТок кыска видеолору бар интернет тиркемеси өз жанын кыюуга байланыштуу материалдардын 90 пайыздан ашыгын өз алдынча алып салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз суицидге же өзүнө-өзү зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн болгон жүрүм-турумду чагылдырган, жайылткан, нормалдаштырган же даңазалаган материалдарды жайгаштырбайбыз. Коомчулуктун эрежелерин бузган мазмунду алып салабыз жана колдонуучулардын өмүрүнө коркунуч туудурган иш-аракеттерге жол бербөө үчүн тиешелүү хештегдерди жаап салабыз", - деп билдирген ТикТоктун басма сөз кызматынан.

Алар "Мындай видеолордун 94,4 пайызы арыздар жөнөтүлгөнгө чейин алып салынган, ал эми 91,9 пайызы жарыялангандан кийин 24 сааттын ичинде өчүрүлгөн" деп такташты.

"Ошондой эле колдонуучулардан жана уюмдардан TikTok сайтында орунсуз мазмун табылса, бизге арыз жөнөтүүнү суранабыз", - деп билдиришти компаниядан.

Буга чейин ТикТок социалдык тармагында өспүрүмдөрдү массалык суицид акциясына катышууга үндөгөн видеолор пайда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.03.2021. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тикток өзүндөгү видеолорду өчүрүү менен өзүнө суицид жасаганын түшүнбөдүбү?
04.03.2021. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тик ток аккаунт Ким кайтара алат биринчи тик токту Эски номер менен ачкам Жана азыр жаны телефон менен Эски Аккаунтка Кире албай жатам жаны номер менен мурунку тик ток каналга Кире албай жатам жардам бериниздер суранам купуя катан кутом?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: