super.kg logo

Ливанда демонстранттар ири магистралдарды жаап салышты

 

Демонстранттардын топтору 3-мартта кечинде Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарында, Сирия менен негизги чек ара бекетине жакын Бекаа өрөөнүндө жана өлкөнүн түштүгүндөгү Сайда шаарынын ири магистралдарын жаап салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта Бейрутта туруктуу кырдаал сакталууда. Кечке жуук бир топ жаштар аэропортко кетүүчү трассанын бөлүгүн 30 мүнөткө тосууга жетишти. Ошол эле учурда дагы бир нече ондогон активисттер борбор калаанын борборундагы аянтта дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн, бирок бул жол кыймылына тоскоол болгон жок.

Учурда ал аянтта 30га чейин активист бар. Алардын аракетине укук коргоо кызматкерлери тоскоолдук жаратпай эле. Аймакта армия менен полициянын күчтөндүрүүсү байкалган жок.

Буга чейин 2-мартта Ливандын туш тарабында жол тосулган нааразычылык акциялары өттү. Демонстранттар Бейруттун борборун жана ири метрополия трассаларын күйүп жаткан дөңгөлөктөр менен, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө, түндүгүндө жана чыгышында магистралдарды жаап салышкан. Митингчилер бийликтен өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуу жана калктын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча реалдуу иш-аракеттерди баштоону талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: