super.kg logo

Бишкекте издөөдө жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал уурулукка шектелүүдө

 

Борбор калаанын криминалдык милиция кызматы издөөдө жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Ал унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Биринчи Май РИИБине 1986-жылы туулган С.У. аттуу жаран кайрылып, 26-февралдан 27сине караган түнү белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын тартып алышканын айткан. Окуя Коёнкөзов көчөсүндө болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран кармалды. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип убактылуу кармоочу жайги киргизилген. Ал эми уурдалган Хонда Фит унаасы ээсине кайтарылды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: