Германияда 8-марттан баштап карантин эрежелери жумшартылат
Германияда 8-марттан баштап коронавирус илдетинин саны азайган аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Бул тууралуу Ангела Меркель билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"8-марттан баштап коронавирус илдети аз катталган (50дөн аз адам) аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Анда дүкөндөрдүн ачылышы, ошондой эле музейлер, зоопарктар жана ботаникалык бакчалар ачылышы ыктымал", - деп жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, Германияда коронавируска 2 миллион 460 миң адам кабылса, 70 миң 926 бейтап каза болду.
Германияда катуу карантин 16-декабрдан баштап күчүнө кирген. Анда азык-түлүк, тиричиликке маанилүү буюмдарды саткан дүкөндөрдөн башка бардык соода түйүндөрү жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aizbek

05.03.2021. 02:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеген жерлери иштер эле жатат,бизде элдер беймарал эле журутуго катуу кучоп атканда дагы,а бул жакта кээ бир жерлерине барсан тып тынч кыбыран киши корбойсун,а чет жактарында жазгы талаа иштери башталды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.