Айыл тургуну: "Аксыда 20 адам ууланып, жетөө каза болду". Милиция 2 адам каза болгонун маалымдоодо

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2 адам ууланып каза болгонун облустук милициядан билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, учурда ооруканада дагы уулангандар жатат.
Ал эми SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген жергиликтүү жашоочу Аксы районундагы Кара-Суу айылынын 20 тургуну спирт ичимдигине ууланып калганын айтты. Анын билдирүүсүнө ылайык, уулануудан каза болгондордун саны 7ге жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат тактала турганын айтууда. Ошондой эле тургундар чынында эмнеге ууланганы боюнча дагы расмий маалыматтар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.