super.kg logo

"Кара-Суу районунда мектеп толугу менен күйгөн эмес" дейт акимчилик

 

Буга чейин, 2-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кеткендиги кабарланган.

Ал эми Кара-Суу районунун акимчилигинен Мээрим Жороева мектеп толугу менен өрттөнбөгөнүн билдирди.

"Мектеп толугу менен өрттөнгөн жок, жалпы 10 класс бар болчу анын экөө коридору менен күйүп кетти. Ал учурда окуучулар жок болчу, өрт саат кечки 18:30да чыккан. Пол жууган жумушчулар көрүп калып, ӨКМга кабар берип, өрт өчүрүүчүлөр келип өчүрүштү. Мен өзүм дагы ошол жерде болдум. Өрт электр зымдарынан улам чыккан.

Учурда окуучулар өрттөнүп кеткен мектепте окубай эле. Себеби апрель айынын каникулу бүткөнгө чейин айыл өкмөтү тарабынан мектеп оңдолуп бүтөт. Мурда ошол жерде эски ФАПтын имаратында 1-класстар окучу, ошол жерде 1-9-11-класстардын окуучулары окуп жатышат. Калгандары болсо онлайн окуусун улантууда. Окуу үзгүлтүккө учураган жок. Мектепте жалпы 460 окуучу окуйт. 1997-жылы ашар жолу менен салынган", - деп билдирди Жороева.

Ошондой эле аталган айылда Арабдардын өнүктүрүү фонду тарабынан жаңы 225 орундуу мектеп курулуп жатканы, ал май айында бүтөөрүн кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: