super.kg logo

Финпол: "100 миң сом алып жаткан жеринен Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды"

 

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "пара талап кылуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Аталган кызматкерлерди жогорудагы каражатты алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин иликтөө кызматы кармаган. Текшерүү учурунда кармалгандардын биринин унаасынан чет элдик жана жергиликтүү валютадагы акча каражаттары табылган. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Финполдон.






Финпол: "100 миң сом алып жаткан жеринен Октябрь РИИБинин эки ыкчам кызматкери кармалды".

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: