"Айлык маянаны көтөрүп бериңиз, эмне бул ушунчалык татаалбы?". Дарыгердин Садыр Жапаровго кайрылуусу талкуу чордонунда (видео)
Социалдык тармакта дарыгер Бахтыяр Абсаматов президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу талкууга алынууда. Анда дарыгер медицина кызматкерлеринин айлык маянасы аз экенин, жадакалса маяна өз убагында берилбестигин айткан.
"Урматтуу Садыр Жапаров, сизге кайрылууга туура келди. Мен №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгеримин. Февраль айында 10 миң 100 сом айлык алдым. Анын ичинен мэриядан 1 600 сом которулса, базалык оклад 5 миң сом турат. Ал эми көрсөткүчтөр боюнча кошумча төлөм 5 миң 500 сом. Ал эми 30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгердин маянасы 10 миң 300 сомду түзөт.
Кошумча төлөмдөр ай сайын кечигүү менен төлөнүп жатат. Январь
айынын маянасы февралдын 28инде түштү. Ал эми февраль айынын айлык акысын марттын 25инен кийин которушат. Маяна толук бир ай кечигип берилүүдө. Эмне үчүн мындай болуп жатканын бизге эч ким түшүндүрбөй жатат.
Медицина кызматкерлеринин базалык айлык маянасын көтөрүп бергилечи. Эмне бул ушунчалык татаалбы?
Урматтуу президент, бул маселени карап берүүңүздү абдан суранабыз. Мындан сырткары эмгек өргүүсүнө чыккан кызматкерлердин акысын дагы айта кетейин. Башка кызматта иштегендер эмгек өргүү акыны маянасынан эки эсе көп алышат. Ал эми бизде тескерисинче айлыкты аз алып калабыз. Мындай көрүнүш 10 жылдан бери уланып келүүдө. Буга дагы эч ким түшүндүрмө бербей келет", - деген ал.
Эске салсак, буга чейин депутат Айнура Аскарова медицина кызматкерлеринин айлыгы кайсы булактан көбөйтүлө турганын сураганда, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Финансы министрлиги азыр каражат жок деп билдиргенин айткан.
Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарында кыргыз мигранттары менен жолугушуп, жакын арада саламаттыкты сактоо тармагындагы айлык маянаны көтөрүү ниети бар экендигин билдирген.
Дарыгер Бактыяр Абсаматовдун президент Садыр Жапровго кайрылуусу








1 |