super.kg logo

Салыктарды төлөө - цивилизациялуу коомдо жашоо

 

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн негизги булактарынын бири салыктык жыйымдар жана төлөмдөр. Кыргыз Республикасында бюджет негизинен салык төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. Бул каражаттардан мамлекеттик жана социалдык программалар каржыланат, саламаттыкты сактоого кам көрүлөт. Ошондой эле билим берүү жана башка тармактар, калктын социалдык-аярлуу катмарлары колдоого алынат – негизинен мамлекеттин өзүнүн бар болуусу жана иштөөсү камсыздалат.

Салык – бул мамлекет тарабынан юридикалык жана жеке жактардан өндүрүлгөн милдеттүү төлөмдөр. Салык системасы салыктарды түзүүнүн жана өндүрүүнүн так бир ыкмаларын аныктаган тийиштүү мыйзамдарга негизделет. Салыктар мамлекет социалдык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн керек. Бул жарандардын жашоо сапатына, саламаттыкты сактоого, билимдүүлүк жана байгерчилик деңгээлдерине таасир этет.

Кыргызстанда салыктар бир нече белгилер боюнча классификацияланат: салык салуу жана салык төлөөчү менен мамлекеттин өз ара мамилелеринин объекттери боюнча (тикелей жана кыйыр), колдонуу белгиси боюнча (жалпы, атайын), экономикалык белгилер боюнча (кирешелерге, керектөөлөргө).

Негизинен салыктар 2 топко бөлүнөт: жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү. Жалпы мамлекеттик салыктар түрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайдага салык;

3) кошумча нарк салыгы ;

4) акциздик салык;

5) жер казыналарын пайдалануу үчүн салык ;

6) сатуудан алынган салыктар.

Жергиликтүү түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

* жер салыгы,

* жеке жактардын мүлкүнө салык,

* мурастоого жана белек берүүгө салык,

* коммуналдык салык жана башка салык жыйымдарынын түрлөрү.

Салыктардын функциялары

Кыргызстанда салыктардын бир нече функцияларын бөлүп алышат.

Фискалдык – мамлекеттик чыгымдардын каржылоосун камсыздоого багытталат (мамлекеттик аппаратты, коргоону жана өздүк кирешелерге ээ болбогон өндүрүштүк эмес чөйрөлөрдүн белгилүү бөлүгүн тейлөө).

Бөлүштүрүү - коомдо теңсиздикти тегиздөө максатында калктын ар кайсы катмарлары арасында кирешелерди бөлүштүрүүгө арналат. Кызыктыруучу – илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүү үчүн, жумуш орундарынын санын, капиталдык салымдарды жогорулатуу үчүн. Акыркысы көзөмөл-эсепке алуу– жарандардын, ишканалардын, уюмдардын кирешелерин эсепке алуу үчүн.

«Салыктар – бул биз цивилизациялуу коомдо жашаш үчүн төлөгөн нарк» (О.У. Холмс)

Салыктарды төлөө маанилүү, анткени:

1. Салыктардын негизинде мамлекет камсыздалат жана мамлекеттик мекемелер каржыланат (театрлар, илим, ооруканалар жана ЖОЖдор)

2. Пенсиялар, жөлөк пулдар, стипендиялар төлөнөт;

3. Укук тартиби камсыздалат, армия тейленет;

4. Жолдор жана социалдык камсыздоо объекттери (социалдык баш калкалаар жерлер, социалдык жардам көрсөтүү борборлору, хоспистер ж.б.) курулат;

5.Мамлекеттик карыз тейленет

Салыктар – бул мамлекетибиз үчүн каражаттардын негизги булагы. Топтолгон салык көлөмүнөн өлкөбүздүн туруктуулугу жана өнүгүшү көз каранды. Эң биринчи кезекте салык төлөөчүлөр үчүн салыктарды өз убагында төлөө маанилүү жана пайдалуу. Салыктарды жыйноо – бул мамлекеттин максаты, бирок салыктын өзү мамлекетибиздин ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн төлөнөт. Салыктарды өз убагында төлөө – бул коомубузда жагымдуу жана туруктуу жашоону түзүүгө катышуу: өзүбүздүн, жакындарыбыздын жана жарандарыбыздын байгерлиги үчүн.

Материал Кыргыз Республикасында БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылган, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган, "Жарандардын жигердүү катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия" долбоорунун колдоосу менен даярдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: