super.kg logo
  Саясат  

Талас: Жамгыр жаап, митингге келгендер таркай баштады. Уюштуруучулар өкмөттүн отставкасын талап кылышты

 
Таласта катуу жамгыр жаап жатат. Борбордук стадионго чогулгандар таркай баштады жана концерттик программа да токтотулду. Белгилей кетсек, митинг оппозиция өкүлү Өмүрбек Суваналиев тарабынан уюштурулган. Уюштуруучулар Өмүрбек Суваналиев менен Кубатбек Кожоналиев чыгып сөз сүйлөштү. Алар азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликти бир колго топтоп алганын айтышты. Суваналиев өкмөттүн отставкасын талап кылды жана өлкө жетекчилигин сындаган резолюцияга таластыктардын кошулушун да суранды:"Талас эли ушул маселелерди колдоп берсе деп биз ушундай резолюция даярдадык. Бүгүнкү Конституция боюнча бийлик өкмөттүн колунда болушу керек. Бирок азыркы өкмөт президенттин кол баласы болуп калып, иштебей жатат. Элге каршы иштеп жаткан өкмөт кетсин деп айтышыбыз керек",- деди Суваналиев.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: