super.kg logo

"Лексус 570 унаасын алып, акчасын бербей качып кеткен". Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген адам кармалды

 

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январь күнү И.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын июль айында Ж. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, баасы 27 миң доллар турган Лексус-570 үлгүсүндөгү унаасын сентябрь айына чейин төлөп берем деп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 204-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Ж.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар жоктугу аныкталып жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.03.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүт эле төрт сакал
Сакалдын баркын кетирген шүмшүктөр
06.03.2021. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул сакал койгондорду корсон кидайшик деп кала турган болдукко дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: