super.kg logo

"Дагы 50 миллион сом төлөйт". Жалил Атамбаев УКМКнын эсебине 50 миллион сом которуп, үй камагына чыгарылды

 

"Мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча шектелип кармалган ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин билдиришкен.

"Тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

Бүгүнкү күндө Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50 миллион 500 миң сомдон ашык каражат которгон, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.03.2021. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчасын төлөтүп чыгарганыңар эмнеси!? Акчасын төлөтүп туруп,камап салуу колуңардан келбейби бийликтегилер?! Мен деле мамлекетке 100 млн зыян келтирип,кайра 10 млн штраф төлөп чыгып кетсем болот экен да!!!
05.03.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уурдай бер дагы итке соок таштагандай кичине берип коюп тайрандай бер экенда
05.03.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толоду эле дейт, ким ишенет ал созго.
05.03.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жылы спектакль жылы болот окшойт сенаристы К.Ташиев жана С.Жапаров
05.03.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдын карызынан кутулабызбы ушул кустурган акчаларга канчасын кустуруп салдынарго эмне кылып жатышат ушул акчаларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: