super.kg logo

Бишкекте "Данчик" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү уурулукка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2-март күнү Октябрь РИИБине М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда 25-февраль күнү болжол менен саат 22:00дө шаардагы мейманканалардын биринен жашыруун түрдө Айфон-11 үлгүсүндөгү телефону, банк картасы менен 30 миң сомун белгисиз адамдар уурдап кеткенин жазган. Жалпы келтирилген чыгымдын баасы 130 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат, "Данчик" аттуу каймана аты бар. Учурда кармалган жарандын жасаган кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: