super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Сот адилеттигине кызмат өтөөнүн ардактуу, ары оңой эмес миссиясы судьялардан жана сот кызматкерлеринен жогорку билим деңгээлин, тажрыйбаны жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, ишке дили менен берилгендикти талап кылат. Сот бийлигинин аброю анын ар бир тепкичинин так иштеши, ар бир кызматкердин өз милдеттерин так аткарышы менен түздөн-түз байланыштуу.

Коомчулукта азыркы сот тутумуна карата көптөгөн терс пикирлер айтылып жатканына карабастан, биздин судьялар корпусунда кесипкөй, чынчыл, ак ниет, абийирдүү, кайраттуу адамдар чогулгандыгы жана ал адамдардын адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту жайылтуу боюнча журт алдындагы ыйык парзын мындан ары дагы ар-намыс менен аткарууга ниеттери күч экендиги тууралуу менде толук ишенич бар.

Андыктан, урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, бардыгыңыздарды бүгүнкү сот системинин кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмөн куттуктайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, аманчылык каалаймын. Алла-Таалам ар дайым бардыгыңыздарга ыйман, кут-береке жана бакубат жашоо насип этсин!", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: