Бусурманкул Абдибаит уулу кийинки беттешин Орусияда өткөрөт. Ким менен?
Белгилүү кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу кезектеги беттешин 19-мартта Орусиянын Краснодар шаарында өтө турган "EAGLES FC 34" турниринде өткөрөт.
Бул турнирде кыргыз мушкеринин атаандашы 23 жаштагы орусиялык мушкер Владислав Королевский болот.
Владислав Королевский карьерасында жалпы 12 беттеш өткөрсө анын 8инде жеңүүчү аталып, 4 ирет жеңилген. Ал акыркы беттешин 2020-жылдын сентябрь айында өткөрүп, анда жеңилүү ызасын тартып калган.
Ал эми кыргыз мушкери карьерасында жалпы 15 беттеш өткөрсө анын 12син жеңген жана 3өөндө жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.