super.kg logo
  Саясат  

"Ала-Тоодой ак калпагыбызды сыймык менен кийип жүрүңүздөр!". Өкмөт башчы элди Ак калпак күнү менен куттуктады

 

Өкмөт башчы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал куттуктоо сөзүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгаштырды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Улуттук баш кийим болгон ак калпактын кыргыз элинин түптөлүшү менен тыгыз байланышкан терең жана бай тарыхы бар.

Ак калпак кылымдар бою кыргыз жигиттерин ар кандай аба ырайында жана мезгилдерде коштоп келген. Күнүмдүк жашоодо ак калпак кийип жүргөн жаштарыбыздын саны жыл санап өсүп жатканын белгилеп кетким келет.

Бул биздин кылымдарды карыткан каада-салттарыбыз жашап келе жатканын жана кийинки муундар тарабынан сактап каларын күбөлөндүргөн кубанычтуу факт.

Мен ар бир эл каада-салтын сактабаса, жок болуп кетет деп ишенем. Ошондуктан бардыгыңыздарды биримдикке чакырам. Ак карлуу Ала-Тоо тоодой улуу жана көркөм ак калпагыбызды сыймык менен кийип жүрүңүздөр!", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: