super.kg logo

Экинчи митинг. "Сейтек" кичи базарынын соодагерлери митингге чыгышты

 

Бүгүн, 5-мартта "Ош базарынын" кире беришиндеги "Сейтек" кичи базарынын соодагерлери Бишкек шаардык мэриясынын алдында митингге чыгышты.

Алардын бирден бир талабы соода орундуктарына болгон ижара акыны төмөндөтүү болуп саналат. Нааразы болуп чогулгандардын айтымында, тийиштүү жерлерге кайрылып отуруп, барбаган жерлери, каккылабаган эшиктери калган эмес.

"Биздин чыкканыбыздын себеби, эч себепсиз эле орун үчүн ижара акыны жогорулатып жатышат. Мурда метр квадратына 50 сомдон төлөсөк, азыр 80 сомдон төлөп калдык. Аны эсептеп келе турган болсок, биздин эмгегибизди актабай калып жатат. Ал эми "Сейтек" базарынын кожоюндары сатуучулардын үнүн укпай жатышат. Тийиштүү жерлерге кайрылуубузду жолдодук, бирок эч кандай жарытылуу жооп ала албай жатабыз.

Буга чейин базардын ээлери менен бааны көтөрүү тууралуу эч кандай келишим болгон эмес. Өзүм билемдик менен бааны жогорулатып жатышат. Өрттөнүп кеткен бойдон базар эч кандай оңдөп-түзөөдөн өткөн эмес. Соодагерлер үчүн эч кандай шарттар жок. Базардын көйгөйүн айтып чыккандарга ээлери тараптан коркутуу болуп, кысымга алып жатышат", - деп билдиришти нааразы болгон соодагерлер.

Арадан көп өтпөй Бишкек шаардык мэриянын алдына Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев чыгып жооп берди.

"Бул суроо боюнча биз тийиштүү чараларды көрүп, чечип берүүгө аракет кылабыз. Бул менчик базар болгондуктан, биз алардын кардары менен болгон келишимге кийлигише албайбыз. Алдыда комиссия менен бирге иш алып барып, ишти оңунан чечип берүүгө аракет кылабыз", - деп билдирди аким.

Эске салсак, 2018-жылы "Ош базарында" өрт чыгып, анын ичиндеги "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарында соода орундарын жалмап, жалпы аянты 3 миң 500 чарчы метрге жеткен жерди толугу менен күлгө айланткан. ӨКМ кырсыктын кесепетинен "Сейтек" кичи базарындагы 108 күркө, "Берекет плюс" базарындагы 10 соода түйүнү күйүп кеткенин маалымдаган болчу.






"Сейтек" кичи базарынын соодагерлери Бишкек шаардык мэриянын алдында митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.03.2021. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сейтек базары күйгөндө базар ээси только дубалын эле тургузуп берген калганын өзүңөр жасагыла деп.Күйгөн эл банкрот болгон акчасына тууган туушкандарынан акча сурап аран ичин эптеп жасап киргенбиз.Иштеш керек болуп бала чака ачка калып.Хозяиндин өзүнүн акчасы жок болчу толук куруп берүүгө.Эмеле кыргызда сөз бар эшек ылайдан өткөндөн кийин бизди көчүккө тээп атат.Если не устраивает каалаган жагынарна баргыла деп.Ижара акыны 10сомго эмес резко 30с көтөруп атат.
06.03.2021. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мсалы 4кв метрге ушул убакка чейин айвна 6000с төлөп келсек азыр көтөргөн баада 9600с төлөп калып атабыз.3500 айырма болуп атат.Бул не деген шумдук.Азыр чынында соода жылдан жылга солгундап атат.конкуренция абдан күч.Азыр пандемия деп сиуленттер окуучулар да окубай кийинбей калышты чындыгында.Анысы аз келгенсип аренданы кымбаттатканы элдин кыжырын келтирүүдө.Бизде кыргыздардын нафсиси күчтүү экен.Комиссия келсин текшерсин ошол Сейтекти кандай кемчиликтери бар кымбаттатканга шарты барбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: