Бишкекте жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир канча көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет
Кытай Эл Республикасынын грантына жолдорду оңдоо иштери 15-мартта улантылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 15-марттан баштап 14 жол участогунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. Алар:
- Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
- Түгөлбй ата көчөсү Ибримов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун темир жол өтмөгүнө чейин
- Ажыбек баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Арча-Бешик конушундагы Масалиев көчөсүнө чейин;
- Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун Масалиев көчөсүнө чейин;
- Стадион көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушунун Магистрал көчөсүнө чейин;
- Көкчөтай көчөсү М.Ганди көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
- Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн - Жеңиш конушунун Жеңиш көчөсүнө чейин;
- Койбагаров көчөсү Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
- Будённый көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
- Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин;
- Фере көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















