super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров сотторго: "Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер!"

 

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта сот системинин кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды туу тутуп, таза жана акыйкат иштөөгө чакырганын президенттик аппараттан билдиришти.

Анда мамлекет башчысы судьялар корпусуна кайрылып: "Бүгүндөн баштап мен өзүм сиздерди коргоп, сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эрктүүлүгүңөрдү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү менен басым болбосун, каршылык кылып, бекем туруп бергиле!", — деп билдирген.

Садыр Жапаров мындан ары бийлик түзүмдөрүнөн судьяларга эч ким, эч кандай көрсөтмө бербестигине кепилдик берген.

"Бирок талап дагы мындан ары күчтүү болот. Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер деп ар бириңерге эскертем. Бүгүндөн баштап сиздерди мыйзамдуу гана чечим сактай алат. Судьянын жана жалпы сот тутумунун кадыр-баркын бардыгыбыз биргелешип көтөрүп, аны баалап-сактайлы", — деп чакырык таштаган президент.

Садыр Жапаров судьялыкка тандалып жаткан талапкерлерге карата "укук тармагы, сот өндүрүшү боюнча компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору болууга тийиш" деген принципти кармануу менен судьяларды тандоо тартибин кайрадан карап чыгуу керектигин белгилеген.

"Негизинен сот адилеттигин жашоо тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору, кесипкөй адамдар жүзөгө ашырууга тийиш. Ошого байланыштуу жогорку соттук инстанцияга кынтыксыз аброю жана судьялык стажы бар адамдар дайындалса жакшы болор эле", — деген президент. Ошондой эле ал сот тутумун квалификациясы жогору болгон жаңы кадрлар менен толуктоо максатында тандоого биринчи ирет катышып жаткан талапкерлерди атайын адистештирилген даярдыктан өткөрүү зарыл экенин айткан.

Сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, судьялардын эмгек акыларын көтөрүү, социалдык кепилдиктерин камсыздоо, санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле башка алгылыктуу иштер болорун кошумчалаган.

"Балким, коюлуп жаткан талаптар бир караганда амбициоздуу жана аткарылгыс болуп көрүнөт. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн күчтөр жумшалып, олуттуу материалдык каражаттар сарпталышы керек. Бирок эч нерсеге карабай, биз аталган маселелерди чечишибиз зарыл, себеби ошондон экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттин келечеги көз каранды", — деп белгилеген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: