«Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

Аскер прокуратурасы тарабынан «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында «Ганси» техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталган.
Текшерүүдө белгилүү болгондой, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.