super.kg logo

3 миң сом айып салынат. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүрүүдө

 

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда таш, кыш жана башка оор жүк ташуучу унаалар жол коопсуздук эрежелерин толук сактабай коркунуч туудурган видео материалдар көп катталууда.

Ага ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларына жеринен барып, түшүндүрүү жана эскертүү иш-чараларын жүргүзүп, төмөнкү эрежелердин эске алынуусун эскертишти.

1) Ташылган жүктүн салмагы өндүрүүчү тарабынан ушул унаа үчүн белгиленген нормадан ашпашы керек;

2) Унаа ордунан жылганга чейин жана кыймыл учурунда айдоочу жүктүн кыймылына тоскоол болуп, түшүп кетпеши үчүн анын жайгашышын, бекитилишин жана абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү;

3) Жүктөлгөн жүк башкарууну татаалдаштырбайт жана унаанын туруктуулугун бузбоого тийиш;

4) Жүктөлгөн жүк тышкы жарык берүүчү шаймандарды жана чагылдыргычтарды, каттоо жана идентификация белгилерин жаап калбашы шарт. Ошондой эле кол сигналдарын кабыл алууга тоскоол болбоосу керек;

5) Ызы-чуу жаратпоосу, чаң чыгарбоосу, жолду жана айлана-чөйрөнү булгабоосу шарт;

6) Ал эми түнкүсүн алдыңкы жакта - фонарь же ак түстөгү чагылдыргыч, арткы жакта кызыл түстөгү фонарь же чагылдыргыч болуусу шарт.

Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы жүк ташуу эрежелерин бузган учурда бузуулар тууралуу кодексине ылайык, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2021. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошто көмүр ташыгандарды карагыла жолдун баарын талкалап бүттү.
06.03.2021. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 мин сом алар учун эчтеке эмес
06.03.2021. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдорду талкалап бутту Ноокаттын Кызыл аскер деген айылындагы кочону талкалап бутушту жолдун боюндагы меенент менен салынган уйлор жарака кеттат жерди титиретип отушот
06.03.2021. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек Сосновка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: