super.kg logo

Бишкекте тоноого шектелген жаран тергөөчүнүн бөлмөсүндө анын столун жана компьютерин талкалап салган

 

Бишкектин криминалдык милиция кызматкерлери тоноого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 18-февраль күнү саат 16:00дө шаар тургуну Дэн Сяопин кең көчөсү менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде маршруттук таксиде физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун 10 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 1984-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБине жеткирилген. Шектүү тергөөчүнүн бөлмөсүндө өзүн агрессивдүү алып, уят сөздөрдү сүйлөп, тергөөчүнүн столун жана компьютерин талкалаган. Буга өзүнчө иш козголгон.

Шектүүнүн баш коргоо чарасын Ленин райондук соту карап, аны үй камагына чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.03.2021. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарып,камап ойнобостон экинчи уурдабай Турган квлбайбы
06.03.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulina90, тергөөчү да ошого жеткирсе керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: