super.kg logo
  Саясат  

Максат Мамытканов өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин айтты

 

Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында билдирди.

"Октябрь окуясынан кийин түзүлгөн өкмөткө келгенде реформаларды жасайбыз деп келгенбиз. Ошондо элдин алдында реформаны аткаруу бийлигинен баштайбыз деп убада бергенбиз. Эл өтө көп акча сарпталган мекемелерди жоюуну талап кылган. Биринчи күндөн баштап өкмөттүн курамы боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгында, жаңы өкмөттүн түзүмү сунушталган болчу. Жаңы түзүм президенттин чечими менен кабыл алынды. Буга чейин 4 вице-премьер-министр бар болчу. Кыскартылды. Элдин алдында берген убаданы аткарган үчүн биз муну туура кабыл алдык.

Мамлекет жетекчилери башка кызматты сунуштаса көрөбүз. Улукбек Марипов мага телефон чалып, сүйлөшкөнбүз. Ага чейин Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм. Алар силердин тажрыйбаңарды колдонобуз, сунуш болсо четке какпагыла деп айткан. Биз эл үчүн иштегенге макулбуз", - дейт ал.






Жаңы өкмөт курамына кирбей калган Максат Мамытканов: "Кызматтан кетерде Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм"

Автор: Жылдыз Джускембаева, Айсалкын Качкынбекова, Бекболот Сарыбаев
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: