Ошто 400дөн ашык спортчу катышкан самбо боюнча өлкө чемпиондугу башталды
Бүгүн, 7-мартта Ош шаарында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугуна старт берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулар курамы, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
"Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 400дөн ашык спортчу катышууда. Байгелүү орундардын ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Олкодо массалык турдо аялдар арасында спорт уюштуруш керек, мисалы волейбол, баскетбол.