super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулу көбөйөт

 

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата шаардык мэрияда иш-чара болуп өттү. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери аларга маалымат беришти. Берилген маалыматтарга караганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бөлүнгөн жөлөк пул 370 сомдон 580 сомго чейин төлөнөт. Андан сырткары алардын канчанчы топто экендигине жана категорияларына жараша 1-декабрдан тарта 1500 сом кошулгандыгы маалым болду. Натыйжада 1-топтогулар айына 4500 сом, 2-топтогулар 3750 сом, ал эми 3-топтогулар 2250 сом жөлөк пул алышат.

Жыйындын катышуучулары сөз алып сүйлөшүп, шаардын мэрине сунуш-талаптарын айтышты. Баары бир ооздон учурдагы азык-түлүктүн кымбатташына жараша, негизги ун, кумшекер, чай сыяктуу азыктар, кир кетирүүчү каражаттар сатыла турган атайын мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн арзандатылган дүкөн ачып берүүнү өтүнүштү. Иш-чара Маданият үйү даярдаган чакан концерттик кече менен уланды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасынан да колдоруна аккордеон алып ырдап, таланттарын тартуулагандар болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: