"Алай" футболдук клубу атактуу "Интер" клубунун тарбиялануучусу менен келишим түздү
Оштун "Алай" футболдук клубу Италиянын атактуу "Интер" клубунун тарбиялануучусу, тунистик футболчу Тияни Белаид менен келишим түздү. Маалыматты SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу тастыктады.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы жарым коргоочу "Интер" клубунун тарбиялануучусу. Ал Чехиянын белгилүү "Славия Прага" клубунда узак убакыт ойноп, эки жолу өлкө чемпиондугун жеңген. Мындан тышкары, 2006-2015-жылдары Тунис курамасында ойногон.
Тунистик футболчу буга чейин Ирактын "Эрбиль" футболдук клубунда ойногон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.