super.kg logo

"Адамдын жансыз денесине таштарды кошуп баштыкка салып көлгө чөктүрүп жиберишкен. Айыпталуучулардын бирине сот чечим чыгарды

 

Баткенде адам өлтүрүүгө айыпталган эки жарандын бири 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуя 2016-жылдын январь айында болгон. Анда 3 адам спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз ара пикир келишпестик болуп мушташа кетишкен. Анда жабырлануучу бычак кармап алганын көргөн берки экөө аны уруп, тепкилеп, денесине оор жаракат келтиришкен. Натыйжада жабырлануучу каза болгон. Өлүктү жашыруу максатында алар алгач жансыз денени чуңкур казып көмүшкөн. Арадан эки күн өткөндөн кийин кайра көмүлгөн жерден казып алышып, жыгач шатыга электр зымы менен байлап, полиэтилен баштыкка салып айылдын четиндеги көлгө алып барып чөктүрүп жиберишкен.

Айыпталуучулардын бири күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган эмес:

"Биз чогуу отуруп спирт ичимдигин ичкенбиз. Мен уктап калгандыктан экөө кыйкырышып, бири-бири менен мушташып жатканда ойгонуп кеттим. Ошол маалда жанымдагы бала маркумду башына катуу чаап салды, анын башы канап кетти. Бирок каза болгон досубуздун колунда бычак бар болчу. Анан биз такси чакырдык. Бирок ал канды көрүп эле коркуп кетип калды. Ошону менен эртең менен турсак сабалган бала өлүп калыптыр. Биз аны алып чыгып огородду казып көмүп койдук. Эки күндөн кийин казып алып, жыгачка байлап, баштыкка өлүктү жана таштарды салып туруп көлгө чөктүрүп жибергенбиз. Мени жанымдагы досум "милицияга сени өлтүрдү деп айтам" деп коркуткандан улам окуя боюнча эч кимге айтпай койгом", - деген айыпталуучу.

Маркумдун иниси:

"Инибиз 2015-жылдын 20-декабрында дайынсыз жоголду. 2016-жылдын 16-мартында жансыз денесин милиция кызматкерлери көлдөн таап чыгышты. Биз ага кароо жүргүзүп эле инибиз экенин тааныдык. Мындан улам биз бул айыпталуучуларга өтө оор жаза берүүңүздөрдү суранабыз", - деген жабырлануучу тарап.

Жогорку Сот бул ишти карап чыгып, айыпталуучулардын бирин 15 жылга эркинен ажыраткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.03.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта,мынча мыкаачы болуп баратабыз,олуктон эмес тириктен корк деген сындар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: