super.kg logo

"Мага ким чай куюп берет? Ал үчүн арыкташ да керек...". Турмушка чыккысы келбеген 7 жаштагы кыз Максим Галкиндин шоу программасына чакырылды

 

Казакстандык (турмушка чыккысы келбеген кыздын видеосу социалдык тармакта талкуу жараткан) 7 жаштагы инста-блогер Рамина Алмас Максим Галкиндин "Лучше всех" теле долбооруна чакырылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, апрель айында Рамина "Лучше всех" шоусуна катышуу үчүн Москвага барат. Рамина аталган долбоорго катышууну абдан каалап жатат.

"Биринчи кезекте Раминанын эскермелерин сактоо, кийин чоңойгон учурда өзүн көрүшү, кандай сүйлөгөнүн, айлана-чөйрөгө кандай мамиле кылганын билсе деген ниетте баракчаны ачып бергенбиз. Телефондун эс-тутуму кызымдын бардык кылыктарын сактоого күчү жетпес, бирок видеолору сакталып калат да", - деген апасы Алина.

Рамина өзү видеосу популярдуу болгонун билбейт. Бирок анын достору көп болгонун апасы кызына айтканын жана азырынча Раминага телефон колдонууга уруксат бербей тургандыгын Алина айым кошумчалап өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта кичинекей кыздын турмушка чыккысы келбей тургандыгын айткан видеосу жарыяланган. Анда ал өзү үчүн жашап, каалаган убакытта тамак ичип, кааласа толгусу келгенин айтканын көрүүгө болот.

Аталган видеону көптөгөн айымдар бөлүшүп, кыздын акылы жеткен нерсени алар 30 жаштан өтүп гана ойлонгонун жазып калтырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.03.2021. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай маалда биз чынында, мурдубузду тартканды деле билбесек кк эле.Ширин кыз экен
09.03.2021. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бекболотту да максим менен жолуктуруш керек
09.03.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч жакпады ушу кыз негедир
09.03.2021. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото соонун кыздар экен видеолорун коруп эс ала тушом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: