super.kg logo

Иттер коронавирустун жытын ПЦР-тесттен бир апта эрте сезери аныкталды

 

Атайын издөөчү иттер Бельгиянын футболдук клубундагы оюнчулардан коронавирус инфекциясын кадимки тесттин жыйынтыгынан бир апта эрте аныктады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бир нече ай ичинде "KV Oostende" командасынын оюнчулары ПЦР-тест тапшырып, мурундан мазок алдырышкан. Ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттерге алардын жыттарын жыттатып турушкан.

K9 компаниясынын өкүлү Йохан Векхойзендин айтымында, алардын 99,5 пайыз жыйынтыгы ПЦР-тест менен дал келген. Сыноолордун жүрүшүндө иттер аныктаган "коронавирустун жыты" адамдарга жуккан биринчи күндөн тарта, тесттерде аныкталганга чейин бар экени белгилүү болгон.

"ПЦР-тестинин жыйынтыгы терс көрсөткөн оюнчулар болгон, бирок иттердин көрсөткөнү боюнча жыйынтык оң болчу. 8 же 9 күндөн кийин алардын тести оң болуп чыкты. Эгерде алар иттер аныктаган жыйынтыктын негизинде иш алып барышса, анда вирус жуккан оюнчу карантинге эртерээк алынып, вирус оюнчулардын тобунда андан ары жайылмак эмес”, - деп билдирген Векхойзен.

Белгилей кетсек, Бельгия, Финляндия жана башка бир катар мамлекеттердеги аэропорттордо иттердин жардамы менен коронавирус илдетин текшерип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: