super.kg logo
  Саясат  

Райондун акимдигине жана орун басарлык кызматтарына талапкерлер документтерин тапшырса болот (жол-жобосу)

 

Конкурстук негизде өзүн сынап, райондун акимдигине, орун басарлык кызматтарга талапкерлер документтерин тапшыра берсе болот. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына президенттик аппараттан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, сынак үч этапта өткөрүлөт.

Биринчи этап - эмгек стажына, билимине жана кызматтык профилине коюлган квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин изилдөө.
Экинчи этап - компьютердик тестирлөө.
Үчүнчү этап - Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн сынак комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар үчүнчү этапсыз токтоосуз кабыл алынат. Бул кадрлар резервинин курамы Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында жалпыга маалымдоо үчүн жайгаштырылат.

Квалификациялык талаптар:
- Жогорку билим;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- тиркемеге ылайык формадагы жеке арыз;
- арызга ылайык формадагы сүрөтү менен резюмеси;
- нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт).
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 1-мартынан 2021-жылдын 19-мартына чейин.

Маалымат үчүн байланыш тел: +996 312 62 04 05, +996 312 62 02 43.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: