super.kg logo

Бишкекте түн ичинде аялдамадан кыздын телефонун күч колдонуп тартып алганга шектүү кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-март күнү болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан аялдамалардын биринде тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда 2004-жылы туулган Д.К. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен саат 01:20 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз жаран арыз ээсин коркутуп, ачык түрдө баасы 21 миң сом турган телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: