Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстанда өтүп жаткан Эл аралык мелдеште жарым финалда утулуп калды
Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 7-13-октябрь аралыгында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште жупта ойноодо орусиялык Фёдор Червяков менен бирге жарым финалда утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Данияр Дулдаев менен Фёдор Червяков украиналык Иван Аниканов менен орусиялык Андрей Плотныйга каршы оюн өткөрүп, 3:6, 7:5, 10:6 эсебинде жеңилди. Ошондой эле Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө чейрек финалга чыгып, бирок анда да Иван Аниканов менен кез келип, 6:2, 6:3 эсебинде утулууга мажбур болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Shai

11.10.2013. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге утулууга мажбур болот же коркутуштубу. Утуласын деп. Мажбур дебегиле эми аракет кылды бирок утулуп калды эчтеке эмес дагы алдыда ийгиликтер коштосун. Ийгилик.
Stalker-007

11.10.2013. 10:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай атан, бирок азамат, ийгилик сага, эми да алдыда коптогон жетишкендиктер болот, кайгырып кереги жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.