super.kg logo

Ысык-Көлдө "Хизбут-Тахрир" уюмунан 37 жаштагы жаран чыкты

 

Ысык-Көл облусунда бир адам "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун катарынан чыкты. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кызматкерлери биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 37 жаштагы тургун Т.М. диний-экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын жарыялады.

Анын айтымында, ал 2007-жылы намаз окуй баштаган, андан кийин уюмдун ишмердүүлүгү жана ролу жөнүндө түшүнүгү болбогондуктан алардын катарына кирген. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам аталган диний агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнгөн.

Ал «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.03.2021. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кирип чыгып жүрө береби, кайсыл жылы баарын атып таштады эле го Бишкекте, ушул уюмга мүчө деп.
09.03.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыркы жылдары диний радикалдар Кыргызстанда маданий-саясий монополиясын уюштурууга аракет кылып жатышат. Кээ мечиттерде светтик көз караштан баш тартууну жана Кыргызстанды "диний мамлекети" деп жарыялоону тымызын талап кылып жатышат. Аны угуп билип журобуз.Көбүнчө диний уюмдар динге берилгендердин диний сезимдери менен ойношот экен. Буга куч оргондор козомолду кучотуш керек.
dkrf түзөттү 2021-03-09 12:43:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: