super.kg logo

Баткенде чек арачылар контрабандалык жол менен жүк ташыган каналдарды токтотту

 

Чек ара кызматынын кызматкерлери Баткен облусунда контрабандалык жол менен жүк ташыган каналдарды токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунда нөөмөттө турган учурда чек арачылар контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташууга аракет кылган Тажикстан Республикасынын жараны башкарып бара жаткан Hyundai-Porter унаасын токтотушкан. Унаада 3 тонна аккумулятор мыйзамсыз ташылып келе жаткан.

Ошондой эле Баткен облусунун чек арачылары Мерседес-Бенц унаасын токтотушкан. Аны 1987-жылы туулган Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Алар 2 жарым тонна лимонду Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө ташып келе жатышкан.

Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Күңгөй аймагында чек арачылар тарабынан 8400 лампочканы мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Т.нын башкаруусундагы Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасы кармалган. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.03.2021. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фура менен бензин алып өткөндөрдү токтотпойсуңарбы.
09.03.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой баягыле портер мн эптеп темир тапшыргандарды кармап( тонналап отуп жаткан фураларды ким токтотот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: