АКШда мектеп окуучусу сабакка бомба алып келип, кокустан жардырып алды
АКШда мектеп окуучусу өз колу менен жасаган бомбаны мектепке алып келип, кокустан жардырып жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 8-мартта Мичиган штатынын Ньюэйго калктуу конушунда болгон. 16 жаштагы мектеп окуучусу билим берүү мекемесине алып келген бомбаны кокустан жардырып жиберген. Натыйжада окуучу өзү орто деңгээлдеги жаракат алып, ооруканага түшкөн. Мындан сырткары кеминде төрт окуучу жеңил жаракат алышкан. Учурда мектептен бардык адамдар эвакуацияланган.
Окуя боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдары жарылган заттын курамын текшеришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Almaz-pazilbaiuulu

09.03.2021. 13:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын мектеп окуучулары да бомба жасай беришет
Belek1710

09.03.2021. 14:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын алып келип кокустан жардырып жибереби?
Urmat78

09.03.2021. 15:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо окуучу негр же азиялык болгондо террорист атайы жардырды деп чыгышмак
batleybesh

09.03.2021. 20:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Urmat78,жон эле жазып коюптурго е кокустан жардырып алган деп, энен....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.