super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы 4 башкы кызматташуу багыттары белгиленди

 
Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 3-декабрь күнү "Аль Хидая" инвестициялык банкынын президенти Бахарин Айоб жетектеген малайзиялык делегация менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстандын экономикасына малайзиялык инвестицияны тартуу, эки жактуу сооданы өнүктүрүү, адал индустриясы менен ислам банкинг тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министр Темир Сариев Кыргызстанда пальма майын сатуу боюнча бирдиктүү борбор ачууну сунуштады. Ал эми малайзиялык тарап болсо, бул сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда 4 кызматташуу багыты аныкталганын кабарлашты. Алар: каржылык тармак (исламдык банкинг жана исламдык каржылоо эрежелери), адал индустрия жана соода, билим берүү, ошондой эле инфраструктура менен финансылык модель. Кызматташуунун бул маселелери ушул жылдын декабрдын экинчи жарымында Малайзиядан келүүчү эксперттердин сапарында да иштелип чыкмакчы. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: