"Саясий чечим болду". Айбек Мырза кызматтан кетиши боюнча билдирүү жазды

"Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду. Жер Үй боюнча карманган позициям себеп болду деп эсептейм. Кыргыз элине кызматымды уланта берем. Алдыда көп иштер бар.
Эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздер менен сыймыктанам. Баарыңыздар өз ишин мыкты билген кесипкөй кызматкерсиздер. Баарыңыздарды жакшы көрөм.
Оор күндөрү колдоп жүргөн бардык тилектештериме, досторума терең ыраазычылык билдирем.
Жакында Жер Үйдөгү мыйзам бузуулар, эл аралык таасир, саясий интригалар жана башка боюнча кенен пресс-конференция берем.
Садыр Нургожоевичке өлкөбүздөгү оор күндөрү Талас облусуна жоопкерчиликтүү кызматка дайындаганы үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-3

