super.kg logo

Жалал-Абад облусунда "Globus-Базар-Коргон" жаңы дүкөнү ачылды

 

Globus дүкөндөр тармагы Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары үчүн жаңы жумушчу аптанын башталышында жакшы жаңылык даярдады.

9-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Абдраимов айылында республикага белгилүү соода тармагынын дүкөнүнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Эми жалал-абаддыктар дагы сапаттуу жана арзан продукцияларды Globus'тун витриналарында тизилген жеринен сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кардарлар салтка айлангандай, тармактын бардык дүкөндөрүндөй эле "Globus-Базар-Коргондон" үйгө керектелүүчү бардык буюмдарды таба алат: идиш-аяк, тиричилик техникасы, жуучу каражаттар жана башка. Ошондой эле тамак-аштар жана суусундуктардын кеңири түрлөрү арзан баада сунушталат.

Дүкөндөр тармагынын саясаты да лоялдуулук программасы бойдон өзгөрүүсүз калат. Сатып алуучуларды ар кандай акциялар, атайын сунуштар жана бонустар күтүп жатат.

Товарларга арзандатууларды алууга, конкурстарга жана бонустарды карталарга топтоого мүмкүнчүлүк берген Globus карталары да бар. Аларга сиз бонустарды топтоп алып ошол эле учурда кассада төлөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Өлкөнүн бардык аймактарындагы соода түйүндөрүнүн каалаган дүкөндөрүндө жарактуу.

805 чарчы метр болгон жаңы дүкөн Аттокуров 2/2 дарегинде жайгашкан. Дүкөн күнү-түнү ыңгайлуу жана пайдалуу сатып алууларды жүргүзө алат.

"Globus-Базар-Коргонго" келиңиз, ар бир келген адамга кубанычтабыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: