super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жумгалдын Таш-Дөбө айылындагы 2 кабаттуу мектеп 4 жылдан бери бүтпөй турат" дейт окурман (сүрөт)

 

Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинин курулуш иштери 4 жылдан бери бүткөрүлбөй токтоп турат.

Бул боюнча SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

Айтымында, имараттын курулуш иштери толук бүтпөй, кар эриндисинен тоңгон муздар мектепти жараксыз абалга алып келген.

"Билим берүү жана илим министри да жеринен таанышкан, бирок расмий жооп жок болгондуктан айыл тургундары нааразычылык акцияларына чыгып жатышат.

Имараттын чатыры жабылбагандыктан жайында жаан суусу, кышында кар эрип, муз тоңуп биринчи кабатка чейин суу өтүп жатат. Азыркы тапта мектепте 370 окуучу эки смен менен тар, эч кандай шарты жок эски мектепте окуп жатышат. Пандемия убагында дистанция сакталбагандыктан ата-энелер балдардын окуусуна тынчсызданып жатышат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.03.2021. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга бөлүнгөн акча көчмөндөр оюнуна которулуп кеткен болсо мурда эле бутмөк...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: