super.kg logo

Чүйдө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Жогорудагы маалыматты текшерүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектүү жаран буга чейин бир нече кылмыштарга шектелип, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: