Куралдуу жихадды уюштурушмак. "Эл аралык террордук уюм" бандиттик тобунун мүчөлөрү кармалды




Эл аралык террордук уюм бандиттик тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-мартта адам өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, террордук иш-аракеттерге катышкан Кыргыз жарандары жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду.
"Такталгандай, Сирия аймагындагы Эл аралык террордук уюмдардын башчысынын координациялаган топтун иш-аракеттерин нейтралдаштырууда, алардын максаты коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин Кыргыз өлкөсүнүн аймагында куралдуу жихадды жайгаштыруу болгон.
Бандиттик топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын күжүрмөн даярдыктан өтүшкөн. Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонуу менен ишке ашырылышын пландаштырышкан. Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн түзүү жана тартуу боюнча иликтөө иш-чаралары уланууда", - деп жазылат маалыматта.



Жихад деген жок.Жихад деген согуш.Эгер мусулман өлкөгө башка өлкө кол салса,Мекенди коргоо жихад болуп эсептелет.Күнөөсүз адамдарды өлтүргөндөр террорист болуп эсептелет.Террорист деген бир гана мусулмандарга гана ти