super.kg logo

"Бөлүмдү башкарган жигит". Жо Байден коргоо министринин атын унутуп калды

 

АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин атын унутуп койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Америка армиясынын катарындагы аял аскерлер жөнүндө сөз сүйлөп, Коргоо министрлигинин штаб башчысына кайрылып жатып такалып калган.

"Мен мурунку генералга ыраазычылык билдиргим келет. Мен аны генерал деп айта берем, бирок менин, менин ... тиги жерде ушул бөлүмдү башкарган жигит", - деди Байден Остин жөнүндө.

Ошол эле учурда президент буга чейин коргоо министрин "катчы Остин" деп да алган. Жо Байден штабдын аталышын унутуп койгон. Сөз учурунда коргоо министрлигинин штабы "ушул балдарга" айланды.

Президент мындай катачылыктарды эл алдында биринчи жолу жасап жаткан жок. 2020-жылы декабрда инаугурацияга чейин эле ал вице-президент Камала Харристи АКШнын лидери деп атаган.

АКШнын 46-президенти болуп шайланган Жо Байден 78 жашта, ушул жылдын ноябрь айында 79 жашка чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.03.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарыптыр байкуш
10.03.2021. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарыптыр ,бирок бул башкарбайт да ,башкалар башкарат өлкөну ,бул болгону сахнадагы актер болушу мүмкүн ..деп ойлойм.Биз де деле бул көрүнүш ...бар .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: