super.kg logo

FINCA Банк Кыргызстандын бардык мектеп окуучуларынын арасында «Эң креативдүү акча топтогуч» улуттук конкурсун ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт!

 

Конкурс Global Money Week — Kyrgyzstan 2021 (Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы) иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт.
Конкурстун максаты — балдардын көңүлүн финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга тартуу, акчаны башкарууга үйрөтүү, максаттарды коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгуу зарыл.

Конкурстун байгелери:

1-орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 30 миң сом;
2-орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 25 миң сом;
3-орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 20 миң сом;
4-орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 15 миң сом;
5-орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 10 миң сом.
Ошондой эле 10 сыйлоочу байгелер бар!

Конкурска коюлган негизги темалар жана максаттар:
1. Катышуучу төмөнкү темага топтогучту даярдайт:
«Эң креативдүү топтогуч» (даярдоодо башкача материалдарды пайдаланса болот);

2. Топтогучтун концепциясы жана дизайны кантип иштелип чыккандыгы жөнүндө видеоролик (видео сереп), даярдоонун техникасы тууралуу айтып берүү.

Уюштуруучулар катышуучулардын материалдарын 2021-жылдын 23-март күнү саат 17:00гө чейин кабыл алат. Электрондук почтанын дареги: pr@finca.kg (эгер видеонун өлчөмү чектен көп болсо, анда аны файл алмаштыруучуга жүктөп, жогоруда көрсөтүлгөн почтага жүктөп алуу үчүн шилтемесин жиберүү керек).


Конкурс өткөрүү жөнүндө ЖОБО www.FINCABANK.kg сайтында көрсөтүлгөн.

Бардык суроолор боюнча Колл-борборго кайрылсаңыздар болот:

+996(312) 440-440
4400 (мобилдик аппараттан чалуу акысыз).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: