super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин кабыл алсак шерменде Конституция болот"

 

"Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алсак шерменде Конституция болот", - деп бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Конституция долбоорун кароо маселеси боюнча пикирин айтты. Конституциянын долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоорлору каралып жаткан учурда күн тартибин өзгөртүүнү сунуш кылган. Анын сунушу колдоо таап, депутаттар Конституциянын долбоорун бүгүн карамай болушкан.

"Биз азыр дагы регламентти буздук, күн тартиби бекитилген. Мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартипке өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Өткөн аптада дагы регламентти одоно буздук. Добуш берүү укугун башка депутат бергенге болбойт деп жазылып турат. Абакта жаткан депутат үчүн башка депутат добуш берген. Бул мыйзам долбооруна 2-3-окууда добуш берген болбойт. Кайра добуш беришибиз керек. Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алсак шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн тийиштүү комитеттин жыйыны болбой туруп 2-3-окууда бир караганга киргизип жатасыңар? Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эң маанилүү учурда баары башын катып алып, үйлөрүнө барып кол койдуртуп келип, эмне Конституцияны ууруларча кабыл алабызбы? Ошондуктан баарыбыз маанилүү учурда чечкиндүүлүктү көрсөтөлү", - деди Жанар Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: