super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасында 16 жылдан бери алгачкы жолу 1/8 финалда гол киргизе алган жок

 

10-мартта Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2:00дө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы жооптук оюндары өттү.

"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Севилья" (Испания);

"Сигнал Идуна Парк" стадиону (Дортмунд шаары, Германия).


Голдор: 1:0 – 35 Холанд, 2:0 – 54, пенальти Холанд, 2:1 – 68, пенальти Эн-Несири, 2:2 – 90 Эн-Несири.

Эки жолугушуунун жыйынтыгында 5:4 эсебинде "Боруссия Дортмунд" командасы "Севилья" командасын жеңип, кийинки баскычка жолдомо алды.

"Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия);

"Альянц Стэдиум" стадиону (Турин шаары, Италия).

Голдор: 0:1 – 19, пенальти Сержиу Оливейра, 1:1 – 49 Кьеза, 2:1 – 63 Кьеза, 2:2 – 115 Сержиу Оливейра, 3:2 – 117 Рабьо.

Эки жолугушуунун жыйынтыгында, эки команданын голдору бирдей 4:4 болду, бирок Порту командасы конокто 2 гол киргизгени үчүн кийинки баскычка өттү. Ошентип Ювентус командасы 1/4 финалга чыккан жок. Ал эми Криштиану Роналду болсо 16 жылдан бери биринчи жолу 1/8 финалда гол киргизе алган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.03.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карычылык эми пенсия
11.03.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
быйыл Левандовскиден Месси дагы Роналду дагы талаша албайт золотой мячты быйыл Левандовски Мбаппе Салах Холанд талашса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: