super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок

 

Референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок. Жогорку Кеңештин жыйынында референдум тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Ал тургай абактагы депутаттын ордуна дагы добуш бергендер болгон.

Мында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн тартууга даярданып жатышты.

Бирок бул мыйзам долбооруна добуш берүү кийинкиге жылдырылды. Айрым депутаттар бүгүн добуш берүү болушу керектигин айтышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аталган мыйзам долбоорун аппарат кызматкерлери добуш берүү тизмесине кошпогонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: