super.kg logo

Талас облустук прокуратурасы жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузууларды аныктады

 
Талас облустук прокуратура органдары жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып К.Т. аттуу жаранга берилген жерден А.Б. аттуу райондун тургунуна жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом кабыл алышкандыгы аныкталган.
Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлери жогорудагы токтомдун негизинде, билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик акты даярдашып, анын жыйынтыгы менен А.Б. аттуу жаранга генералдык планында каралбаган жер тилкеси мыйзамсыз катталган.
Жер тилкеси биринин үстүнө бири катталып берилгендигинин кесепетинде, ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлери дагы башка эки жарандын укук күбөлөндүрүүчү документтерине жалган маалыматтарды киргизишкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: